чом
- Унаа малдарга токуу үчүн кийизден калың кылып, жумшактап шырылып жасалган токулга.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ок өтпөс олпок жонунда, / Чарайна бар боорунда, / Калканы бар далыда, / Кызыл мис туулга үч кабат, / Чөмкөрө кийип башына, / Кисепче бар тизеде, / Кандагай шымы кийилүү, / Кара темир калдыркан, / Үзөңгүдө илилүү, / Асылдын аты Майтору, / Кара бойу капталуу, / Кандагай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Отуз жети дегенде, / Кара жал кула бышты экен, / Жүгүн алып жиберип, / Бутун арта саларда, / Сүйлөп ийди тил кирип: / — Аркам менин алты жоор, / Эки бөйрөк, далым жоор, / Чом басып жүрөт сээрим жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Аттуу туруп чиренип, / Көкүрөгү акырын, / Кур дей түштү Алмамбет, / Оозунан чыгып көк түтүн, / Бур дей түштү Алмамбет, / Тийип турган жарык күн, / Булут каптап чөмкөлүп, / Күндүн көзү күүгүмдөп, / Буурул тартып күүгүмдөп, / Алмамбет өттү дүйнөдөн, / Ажал жетип күн бүтүп, / Жайына алды кастарлап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чокулаган чомоктон, / Күркүрөгөн көп октон, / Кырчылдашкан кылычтан, / Айбат, сүрөөн кылышкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Сырганактагандын адиси мындай болот: ары жаткан чөптү колтырмоочтоп, көтөрүп келет да чыңк ылдыйга келгенде чанага отуруп муз тепкен балдардай бийиктин башынан чөмөбү менен өзүн коё берет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →