чолтоңдо
- Чолтоң-чолтоң этүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жоого салып үйрөткөн, / Жаш чагынан бул пилди, / Көрсөтүп туруп Асылды, / Агытып аны жиберди, / Жону туйку томпоңдоп, / Куйругу чолок чолтоңдоп, / Табактай бар таманы, / Жерге батпай тойтоңдоп, / Тумшугунда темирдин, / Найзадай күүлөп койкоңдоп, / Качырып пилдин жеткени, / Машыккан мындай зор пилге, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ндүү саксаңдап; / Айуу келет апсайып, / Тууралжын болуп балчайып; / Бууралар келет куркулдап, / Оозунан көбүк бартулдап; / Пилдер келет колтоңдоп, / Куйруктары чолтоңдоп; / Чөөлөр келет шыңкылдап, / Келарыс келет кырсылдап; / Ажыдаар сойлоп жыйрылып, / Көп экен деп шашпагын, / Кереги жок башканын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…аноолору барбаңдап, / Алтымыш айры мүйүзү, / Ала бакан каркаңдап; / Эликтер келет молтоңдоп, / Төөкийик келет колтоңдоп, / Пилдер келет томпоңдоп, / Куйруктары чолтоңдоп; / Жолборс келет суналып, / Илбирс келет чубалып, / Шери келет чакчаңдап, / Айуулар келет саксаңдап, / Карышкыр келет култуңдап, / Түлкү келет кылтыңдап; / Сүл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кортоңдогон Тапан хан, / Оң-тескери кумтунуп, / Чолтоңдогон Тапан хан, / Шум канчыктан кеп угуп, / Көбү какшык, азы акыл / Айабаган жеме угуп, / Жетик акыл айтты, деп / Эл бузулуп кете алгыс, / Мен айланы таптым, деп / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ылган жерин кан кылып, / Тирүүлүккө коорконуп, / Тапактын мурду барбыйып, / Кудай бетин нары кыл, / Куткарбастын элинен, / Пилдер келет томпоңдоп, / Куйруктары чолтоңдоп, / Айуу келет саксаңдап, / Шер келатат чакчаңдап, / Жолборс келет күркүрөп, / Жалын келет дүркүрөп, / Шамал келет аркырап, / Сел түрүлүп шаркырап, / Жылан келе…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →