чолтой

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Кыска, чолок көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таш келте менен качканын, / Канчасын атты тоңкойтуп, / Колун кесип нечесин, / Чолок кылды чолтойтуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Пили менен томпойуп, / Куйругу кыска чолтойуп, / Оройу суук доңуздун, / Өтө башка дордойуп, / Салаңдап мурду ормойуп, / Бети калың томтогой, / Орто бойлуу кортогой, / Эки эмчеги баладай, / Булчуң этин карасаң, / Кысыр эмди танадай, / Эки бети талаадай, / Эки көздүн ортосу, / Чөп ташыган чанадай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Уктагандай ойгонуп, / Артын карап толгонуп, / Көзү көрбөй күүгүмдөп, / Чойтолоң турат чолтойуп, / Эр Сейити көрүнбөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кызыл кан кечпей, баш кеспей, / Семетейди селейтип, / Олжого алдым катынын, / Чолок кылып чолтойтуп, / Шоруңду сенин катырдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Үстүндө чолтойгон бир эски кара дүжүркеси бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →