чолпон1
- астр. Күн системасынан күндөн кийинки 2-планетасы, жерге жакын планета.
- астр. өт. Белгилүү, көрүнүктүү.
- астр. өт. Эркелетүү, жакшы көрүү маанисинде.
- астр. өт. Татынакай, келишимдүү сулуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айлантып суусун чачтырып, / Садагасын чаптырып, / Сарыбашыл койун мууздатып, / Кембагалга уучтатып, / Сарыбашыл уйун талатып, / Жыйылып келип топтолгон, / Жашы-жалаңы, кары-жаш, / Баатыр эрди карашып, / Эки айактуу жумур баш, / Көргөндүн баары жаратып, / Чолпондой жүзү нурланган, / Чоктой көзү кызарган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…тынан сөгүлүп, / Жарылып калган Дабытай, / Кылча жанын айабай, / Кылчайып артын карабай, / Келе жаткан Чолпонбай, / Зымыраган Дабытай, / Бучкагына түк албай, / Чолпонбайга сайдырбай, / Найзасын кагып жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Абаң Кошой башкача, / Ай кулагы калкандай, / Алайган көзү чолпондой, / Аскери менен аралаш, / Эрендерин ойрондой, / Элпеңдеп кыйын тийиптир, / Таптап шумкар койгондой.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп желмогуз айтканда, / Кыйа карап кылт этип, / Кайра тартып басканда, / Тапан хан жаман шашты анда: / — Тура тургун, нур кызы, / Кийгениң жибек кырмызы, / Тирүү жүргөн адамдын, / Ободо чолпон жылдызы, / Айтканыңа түшүндүм, / Капаланып сен үчүн, / Кайгыдан канча үшкүрдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…актары шырылдап, / Чымын кирип алгандай, / Чың-чың этип чыңылдап, / Көзүнүн жээги ачышып, / Тилинин түбү кычышып, / Эт жүрөгү элбиреп, / Бүткөн бойу мемиреп, / Чолпондой көзү жарк этип, / Кулагы угуп шарк этип, / Асманды тиктеп көз бардап, / Жерди карап алаңдап, / Амансыңбы, аба, деп, / Зор Бакайды кучактап, / — Салмагым көөхар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →