чолоңдо

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Чолтоңдоо, кичине аксагансып басуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Дөрбөнү болуп жарадар, / Таңгыттын эли санаадар, / Эки ингендик калмактан, / Батай, Катай - балалар, / Баары барып сороңдоп, / Аскер айдап короңдоп, / Кууп ийди кыргыз, деп, / Колу-буту жоголуп, / Далайы келди чолоңдоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бозчаар минип чолоңдоп, / Жөн жүрбөйсүң сороңдоп, / Чукуп алып көзүңдү, / Койо берем өзүңдү, / Элди таппай, жер таппай, / Тентип өлгөн короңдоп, / Жыгылып-кооп кумда жүр, / Жер кодолдой кодоңдоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көзү сокур олоңдоп, / Бир колу жок чолоңдоп, / Туулгасы ыргып кетиптир, / Тооктой мойну кокойот. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлчоро кул чолоңдоп, / Келип кеткен эмеспи, / Тантыгандар айткандыр, / Кыйнап жатат бизди деп, / Ошол кул айткан кеп үчүн, / Күмбөздү тайып ыйла деп, / Ошого дарбып жаткандыр, / Айыл башы болгондор, / Азабын чындап таркандыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…ан, / Дүйнөдөн өттү тамам жан, / Кара болсун, хан болсун, / Жарды болсун, бай болсун, / Ачка болсун, ток болсун, / Дүмпөр болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болс… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →