чолок

китептерде 57 жолу, 10 китепте
  1. Кыска.
  2. Бир колу же бир буту жок, колу же буту майып.
  3. Куйругу кесилген же кыска, куйругу келте (көбүнчө малга карата).
  4. Терең эмес, кеңири эмес, үстүртөн ойлонулган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чолок ээк алаң көз, / Журт бузардын нак өзү, / Токтобой турат кылыңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Буту сынган төкөр көп, / Колу сынган чолок көп, / Кулагы жок мулук көп, / Тил сүйлөбөс дудук көп, / Көзү аккан сокур көп, / Бели сынган бүкүр көп, / Жал-жал тиктеп жаткан көп, / Жаны чыкпай аткан көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Калчадан найза жетерде, / (Ачалбарсты колуна, / Алган эмес бекерге), / Кайрылып Манас чапканы, / Коңурбайдын найзасын, / Кыйа чаап таштады, / Найзасы жок, кол чолок, / Коңурбай калып томолок, / Бура тартып чуу койуп, / Качты турбай коржоктоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайраты артык Карадөө, / Чукул кирип келгенде, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Жалайак ооз кир кабак, / Чолок ээк, дөң маңдай, / Каржиликтен булчуңу, / Жүгүрүп жүргөн баладай, / Мойну жоон букуйуп, / Кысыр эмди танадай, / Жамынган темир тону жок, / Жалтанып калаар пейл… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жолчулардын кесиби болсо жолдун ташын терет, бузулган, суу жеген жерлерди, көпүрөлөрдү оңдойт; кыш болсо бирден чолокторун арнап, байлап коёт да, кезек менен Кызыл-Кыядан почто чыгарышат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →