чолой
- Өтө эле чолок, кыска көрүнүү, чолтоюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шап-шап кылып бөлүнтүп, / Көзүнүн жашын төгүлтүп, / Найзанын учу жеткендин, / Кабыргасын сөгүлтүп, / Тобу менен сулатып, / Дөмөөр баштай томпойтуп, / Башы жок жаткан киши көп, / Мойундарын чолойтуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Агыны катуу корум таш, / Алты жерден айрылды, / Казандай болгон кайран баш, / Бир колу сынып коройду, / Бир буту сынып чолойду, / Тору ат тиштеп тартканда, / Үзүлүп кетип кулагы, / Башы сонун молойду, / Колу менен буту жок, / Кулагы жок молойуп, / Бүткөн бойдо бүтүн жок, / Түшүп кетти кудукка, / Өтө терең түбү жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күң жиликтен үзүлүп, / Сурмерген колу чолойду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Көзү кайнап олойуп, / Ат байлоочу казыктай, / Мурду чыгып коройуп, / Калдайган кулак бүрүшүп, / Мышыктан бетер молойуп, / Узун колу кыскарып, / Калгандай сынып чолойуп, / Тактасында кулуйуп: / “Кайдан келип ушул кыз, / Калды мага жолугуп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Найза жок колу чолойуп, / Жаңылап найза берерге, / Жанында чоро жок болуп, / Балтаны алып баатырың, / Ат айабай чуу койуп, / Жеткен жерге балта чаап, / Уңгусу тийген жеринин, / Сөөгүн койбой талкалап, / Көз ачырбай жатканда, / Эки имерип чапканда, / Балтасын колдон түшүрдү, / Ал бадырек ыгын таап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →