чоло
- Бош убак, колу бошой калган учур.
- Бүт такыр, текши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аттын аты Кеңкула, / Таруудай бетте каным жок, / Кабуусун тапсам душманга, / Ракым кылар чагым жок, / Түп атадан мурасын, / Үнүм ачуу, өңүм заар, / Көзүм кыйгач көргөнгө, / Өзү келип катышат, / Сен кептенип айбандар, / Чолосу тийбей өлгөнгө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чокморунун чоңдугу, / Чолоң үйдөй көрүндү, / Көрүп түрүн чочконун, / Көпчүлүк көөнү бөлүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чолоң тийбей иш менен, / Курсагы ачып жатабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Калдуубетти көргөндө, / Томолонгон Сомбилек, / Чолосу тийбей өлгөнгө, / Кетелекти тайанып, / Ордунан тура калганы, / Кудай жүзүн нары кыл, / Буурул сакал боз атчан, / Бир киши келип калганы, / Далыдан аткый кармады, / Бир колуна атты алды, / Бурулуп жолго салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ал кулак мурдунан чолоо жер калтырбай тумчуланып, тебетейин көзүнө баса кийип алыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →