чокчоңдо
- Аксай басуу, чокчоңдоо, чокчоң-чокчоң этүү.
- өт. Бирөөгө ыгы жок тыңсынып, буйрумуш болуу, өкүм сүйлөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чогуу туруп үч урук, / Чокчоңдодук урушуп, / Соот-тонду жыртышып, / Найзанын учун түйрүлтүп, / Балтанын сыртын баткалап, / Кылычтын мизин кетилтип, / Ат олоңун бекитип, / Айанбай салдык урушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ички пикир сырың айт, / Жашырбастан чының айт, / Каңгайдын калкы кептенип, / Калгандардан эр чыкпайт, / Чоңойсо бойу эрмин, деп, / Чокчоңдой берет калгандар, / Жалгыз башым менмин, деп, / Ошонун бири болдуңбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Чогоолдук кылып жаш балдар, / Чокчоңдоп барып катышпа, / Катыгын анан беребиз, / Өзү келип катышса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Өзүнүн бойун жыйнабай, / Эки буту салбактап, / Этеги кетип балбактап, / Таноосу көөп барбактап, / Ат өлтүрө чапкылап, / Кара тер басып дардактап, / Чойтолоңго чокчоңдоп, / Картыке жетип барыптыр: / — Бирге жүрүп, бирге өскөн / Барасың кайда Чоке?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эрдемсибей чокчоңдоп, / Арыз абалың бар болсо, / Абакеме барып айт!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →