чокчой

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Дөмпөйүп, шуңшуйган көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бастыра түшүп токтолуп, / Аркасын карап чокчойуп: / — Ой, Көкбөрү, Көкбөрү, / Эркине койсом Асылды, / Эси жоктон көпкөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ө, / Далдаланып калса да, / Дубасы барып жашынгыс, / Эми түркүм-түркүм дубасын, / Түрмөгү менен салды эле, / Суф дегенде ооз ачып, / Кекилик болуп кыргыздар, / Чокчойушуп калды эле, / Ак шумкар болуп Кызылкыз, / Качырып кирип барды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Он эки жерге бөлүптүр, / Үрккөн койдой чокчойтуп, / Эңиш жерге келгенде, / Сүрдүктүрүп сулатып, / Капталга кире бергенде, / Бир канчадан кулатып, / Томолонуп тоңкойуп, / Туулга жок башында, / Улардай мойнун койкойтуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чакмакташ бала чокчойуп, / Сазан дөбө зоңкойуп, / Сексен аршын найзасы, / Көрүнүп турат койкойуп, / Пил менен турса бадирек, / Орто тоодой болкойуп, / Тоо экен деп жазганбай, / Чакмакташ жетти ат койуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…менен жүз жыйырма, / Чындап түштү чоң жолго, / Ханы калбай кел деген, / Тегеректеп эл келген, / Чогулуп келип эл толду, / Уй мүйүз тартып олтурду, / Орто жерде чокчойуп, / Канчоро кеби бул болду: / — Хан болдум сага калың журт, / Калбай баарың кебим ук. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →