чокчо

китептерде 17 жолу, 2 китепте
  1. Өтө толтура, үймө, чокчойгон.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чокчо, Солто дегенди, / Кошуп берген чоң Ойрот: / “Бул экөөндөй пендеде, / Дегеле баатыр болбойт, — деп, / Сомбилек эмес Бекбача, / Өлбөй тирүү болсо да, / Ушул экөө койбойт” – деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Карпыктын өзү кырк-тын ары жагына кеткен, чокчо көк-ала сакал, көзүнүн ары жагынан арамдыгы көрүнүп турган сүйкүмсүз, түксүйгөн сары киши. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кирпидей тикирейген узун кашы бар, кабагы терең, чокчо сакал, кипкичине чүңүрөйгөн кара киши экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →