чокула
- Тумшугу менен ургулоо, кайра-кайра чокуй берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…олго алышып, / Кылычты кындан суурушуп, / Башкача кыйын жулушуп, / Бүтүн койбой тондорун, / Олпокторун булушуп, / Арзан эмес бул жумуш, / Чокморлорун алышып, / Чокулата салышып, / Колтуктарын чойушуп, / Кош колдоп туруп койушуп, / Белбоолорун үзүшүп, / Этектен бурдай кармашып, / Бүткүл күчүн арнашып, / Эс алган жок бул экөө, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…лдынкы ээрдин бек тиштеп, / Бере көргүн, деп тиштеп, / Туулгасы жок башында, / Кара кушу, деп тиштеп, / Болжолун алып бек тиктеп, / Колтугун Сыргак чойуптур, / Чокулата койуптур, / Күчтүү тийген балтадан, / Жолум үйдөй чоң башы, / Төрт талаа болуп жарылды, / Балтага мээси жабылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сайдырбастан кагышып, / Элден ашкан эрендер, / Эрегишип урушуп, / Олпокторун булушуп, / Опсуз жаман урушуп, / Колтуктарын чойушуп, / Балта, чокмор аралаш, / Чокулата койушуп, / Жедеп шайы кеткенде, / Акакташып солушуп, / Жакадан алып жойушуп, / Алакан тери сойулуп, / Көөдөндөрүн тирешип, / Көпкөчө жүрдү күрөшүп, / Демик бас…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чокулаган чомоктон, / Күркүрөгөн көп октон, / Кырчылдашкан кылычтан, / Айбат, сүрөөн кылышкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бу жердиктер бирин-эки субай салтаңынан башка малынын көбүн Боз адыр деген жерге кыштатып, колунда калган малдарына тоодон чокулап, чөп чаап алышат экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →