чоку1

китептерде 127 жолу, 9 китепте чоку 2 →
  1. Баштын төбөсү.
  2. Бир нерсенин (көбүнчө тоонун) эң башы, бүткөн жери, кылдай учу, абдан бийик жери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөл Манас өткөлү, / Эр Семетей, Сейтек, / Зор Кененим, Сейитим, / Асылбача артыкча, / Канатууга кактырбай, / Тумшуктууга чокутпай, / Азуулууга каптырбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…рашып, кужулдап, / Кара курттай кыжылдап, / Тегеректеп киргенде, / Дабытай турат бакырып: / — Торчуң торуң таштагын, / Найза сайар качпагын, / Чокморлуу чапкын чокуга, / Мергендин баары чогулуп, / Чыгып тургун чет жакка, / Арамзада Кененим, / Жылыштап чыкса чет жакка, / Жыдыманды житирип, / Чечекейге аткыла! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ойлонду Сыргак жана да, / Жан айабай баратып, / Акылында муну айтып: / “Кечээ тал чокунун кырында, / Чубактын салган чырында, / Ойрон Алма баатырдын, / Ошондо айткан кеби бар: / Хан кыл десем кимиңди? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдында минген тосур ат, / Октос берип октолду, / Ойротто мындай жок болду, / Чокмор менен абаңды, / Чокудан нары салганда, / Майдандын ичи чок болду, / Жалынсыз күйгөн от болду, / Күндүн көзүн чаң алды, / Күн көрүнбөй тунарды, / Чаң арыла бергинче, / Чакчайып бетпак … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Намангендин астында, / Кең Кокондун үстүндө, / Таш чокуга мен бардым, / Кашкар жаккы белдерге, / Калмак, кытай элдерге, / Дүрбү салып карасам, / Каргасы учуп келбеген, / Калбаган экен бизге дейм, / Каш кайтарар бендеден. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →