чоктуу2
- Чогу көп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жез барабан кагылып, / Бетиркенин атында, / Сегиз хандын аскери, / Селдей атка чабылып, / Кара чоктуу Каңгайдын, / Байрагы жерге сайылып, / Каңгайлардын калдаңы, / Жекеге чыкмак камынып, / Баатырлыгы бадырек, / Буткулдай көзү жылтылдап, / Байкаганга таанылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кызыл чоктуу кытайдан, / Кыргын болгон далай жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…бет, / Аңгычакты жанына, / Эр Манас келди энтелеп, / Айтканы жок арстанга, / Мен кылдым деп Алмамбет, / Эр Манаска жылмалап, / Айтып калды мындай кеп: / — Кара чоктуу калчанын, / Айласын көрдүң арстаным, / Айлакер калча күн жайлап, / Тура албай сенден качканын...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара чоктуу калмакка, / Калка болгон, чоң төрө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кара чоктуу калмакка, / Калка болгон, чоң төрө, / Кызыл чоктуу кытайга, / Кызмат кылган, чоң төрө, / Кызыталак Семетей, / Элчилешип келем — деп, / Өзү келсе жеке эле, / Барбай койсом белем — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →