чокто2

китептерде 16 жолу, 6 китепте чокто 1 →
  1. Чок тагуу, топ чачык тагуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…рды миң мерген, / Солон менен манжудан, / Мындан барды көп мерген, / Аш көрөм деп келгендер, / Калганы жок келбеген, / Мылтыгын жышып октогон, / Милтесин кызыл чоктогон, / Жалгыз кара бир башы, / Миң кишини токтоткон, / Жалгыз кылды жараткан, / Канчасы келди андайдан, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, / Каңгайга башым катайын, / Кууп жетсе куткарбай, / Жер кучактап жатамын” / Деп ойлонуп кара жүз, / Кудай бетин нары кыл, / Очогорун октоду, / Милтесин кызыл чоктоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Милтеси бачым чоктолду, / Артып таштап салаңдап, / Атайын деп козголду, / Аңгычакты аккулжа, / Эңкейиш тартып жылт койду! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куу мүйүз кулжа атам деп, / Ат өргүтүп жатам, деп, / Таш келтени октоду, / Милтесин кызыл чоктоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тоо бөксөлөр кайран эр, / Айбат кылып жаа тартып, / Милте чоктоп ок атып, / Бир бул жерден көрүнүп, / Бир ал жерден көрүнүп, / Амал менен урушуп, / Жүрүптүр байкуш жулушуп, / Семетейди Карадөө, / Мурун көрүп Сартбайдан, / Арманым жок өлсөм, деп, / Ат койуп жөнөп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →