чокой
- Бодо малдардын чылгый терисинен, көбүнчө баш терисинен жасалган кончу кызыл ашыктан жогорураак келген бут кийим.
- Кийизден (жүндөн) жасалган өтүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тикенек бассаң кирбеген / Бутуңдагы чокойго, / Кыргоол алып шумкарым, / Кирди мобу токойго.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эртеси таң эртең менен төшөктөн жаңы туруп, чокоюмдун боосун байлап жатсам, Мамирмазин алактап жетип келип:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Биз чокоюбузду чечип, батекбайпагыбызды жайып таштап, жеңилденип даяр болуп отурдук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жагалым түгөнбөс күл азык алып, темир чокой кийип, темир таяк таянып, карындашынын сөөгүн издеп жөнөйт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Ханым, мага темирден таяк, темирден чокой, түгөнбөс гүлазык таап бериңиз.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →