чокморокто

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Көп болуп бир жерге үйүлүшүү, жыйылып топтолуу, үймөлөктөшүп чогулуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Самаркан барып биз келдик, / Ошол биздин жайыбыз,- / Хандар катты алышты, / Бечетин жырта салышты, / Чокмороктоп ашыгып, / Катты окуп калышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Береги Башариндин тоосунда дүкүйгөн ак булут чокмороктоп, уюп турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Те береги маңдайда алыстан булдураган кара тоонун чокусунда чокмороктоп турган топ ак булутка күндүн нуру чагылышып, жер-дүйнө мемиреп, алда кандай бир белгисиз жорук таасирлентип турду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →