чокмор
- Бир учуна жумуру тегерек катуу жыгач же металл бекитилген кыска союл. Эң жөнөкөй аңчылык, жоокерчилик куралы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Колтуктарын чойушуп, / Койгулашып киргенде, / Чокмордун баары быдырап, / Чабарга чокмор жок болуп, / Бирөө сынса, бирөө жок, / Мурункудан беш бетер, / Дагы эле кирет октолуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дабытай үнү чыкканда, / Талана таамай укканда, / Андестик кылып шапа- шап, / Чокморун сууруп алганы, / Күүлөп- күүлөп чокморун, / Кененимди чапканы, / Адис көнгөн Кененим, / Балтаны кармап сабынан, / Талананын чокморун, / Кагып ийди алдынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Пилин минип томтойтуп, / Темирден найза кокойтуп, / Көргөндө жүрөк солк этет, / Чоңдугу тоодой зоңкойуп, / Кабаттап калган тартынып, / Соң темирин артынып, / Чарайнасы чатырап, / Чойун чокмор колтуктап, / Пил минип келди бадырек: / — Бириң эмес, баарың кел, / Мен Майтыкмын билгиң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайраттанды Карадөө, / Чоң чокморун колго алып, / Каарданды үңкүйүп, / Кабагың карашы ал салып, / Заарданып Карадөө, / Уйутуп койгон чойундан, / Жолум үйдөй чойун баш, / Опколжуп келип урганда, / Омкорулуп далай таш, / Карс-курс эткен үн чыгат, / Асманда учуп топурак, / Көктү тиреп зоңкойгон, / Тоо түгөнүп баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чокморчулар чогулуп, / Чойунбашты күүлөшүп, / Карсылдашып салышып, / Калбай баары дүүлдөшүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →