чок2

китептерде 268 жолу, 10 китепте чок 1 →
  1. Кунан-тайлардын жалын кыркканда калтырылган топ кыл.
  2. Кээде баланын чачын алганда төбөсүнө калтырылган топ чач.
  3. Баш кийимдин төбөсүнө тагылуучу топ чачык.
  4. тар. Кытай жана калмак башкаруучуларынын баш кийиминдеги бөлүнүп турган атайын белги жана ушундай белгиси бар башкаруучулар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ойлоп болгон Йобалы, / Уйалбай кантип барарды, / Өлтүрөйүн сени деп, / Өткүр найза колго алды, / Өжөрлөнүп өчүгүп, / Чоктой жанып ич күйүп, / Бактыбай менен Йобалы, / Ортосунда от күйүп, / Айкырган үнү угулуп, / Ачып көздү жумганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу түйрүлүп, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айлантып суусун чачтырып, / Садагасын чаптырып, / Сарыбашыл койун мууздатып, / Кембагалга уучтатып, / Сарыбашыл уйун талатып, / Жыйылып келип топтолгон, / Жашы-жалаңы, кары-жаш, / Баатыр эрди карашып, / Эки айактуу жумур баш, / Көргөндүн баары жаратып, / Чолпондой жүзү нурланган, / Чоктой көзү кызарган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…илейин, / Кутурупсуң, Кененим, / Көөкөрлөп каның ичейин, / Айтканыма жетпесем, / Найзага илип кетпесем, / Өзөгүңдөн жарбасам, / Өпкө бооруң албасам, / Бооруңду чокко салбасам, / Жүрөк каның ичейин, / Каныңа кылыч майласам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оболбек менен Сетертай, / Төрттөн киши койгун деп, / Оргу-баргы чоголдон, / Ошондой киши болсун деп, / Чоголдон таап сегизди, / Таманын жерге тийгизбей, / Айдатып жолго киргизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кызыл чоктордун кылычтары керегеде шагырап илинип турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →