чойкой
- Кейкейип чоюлган, керилген кебетеде болуу; кергиштеп бой көтөрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…енен Кененди, / Май сооруга бир койуп, / Соорудан тийген куу найза, / Боорунан учу чыкты, деп, / Майдандын чыгып четине, / Бул кара бет олтурду, / Сокусу менен чойкойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тайрайып жаткан Бокмурун, / Сунган бутун тартпады, / Өз алдынча пейилсип, / Жумган көзүн ачпады, / Суйкалдын келип кыжыры, / Мына мындай айтканы: / — Эсирген байкуш эсиң жок, / Эчтеме менен ишиң жок, / Тышың тери, ишиң бок, / Бутун тартпай чойкойот!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
азык жок, / Камынып келсин армансыз, / Өлбөс болуп көөнү ток, / Кырк күнү бердим уруксат, / Арманы ичте калбасын, / Тапан хан өзү баш болуп, / Бастырып келбей чойкойуп, / Найзасын бекем кармасын, / Караанга алып келбесин, / Керекке келбес жармачын, / Караан болор эрлерге, / Каптап келчү элдерге, / Барбай жатып албасын, / Алда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Отуз күнү ойнотуп, / Тогуз күнү тойлотуп, / Бир күнү кызды кыңшытып, / Кырк күнгө толду санаты, / Жезбилекти узатты, / Бутун сунуп чойкойуп, / Эр Сейитек жай жатты, / “Айкөлдүн уулу Семетей, / Гулнарды ээрчитип, / Мында келип кетсин, — деп, / Менин барар чагым жок, / Атка минер алым жок, / Учурашып…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алгара минип койкойуп, / Көк жеке бутта чойкойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →