чой1

китептерде 492 жолу, 10 китепте чой 2 →
  1. Созо тартуу, созуу.
  2. Көпкө созуу, создуктуруу, кечеңдетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтымыш батман Ашкатең, / Бул чочконун колунда, / Чойун башы бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Колтуктарын чойушуп, / Койгулашып киргенде, / Чокмордун баары быдырап, / Чабарга чокмор жок болуп, / Бирөө сынса, бирөө жок, / Мурункудан беш бетер, / Дагы эле кирет октолуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Найза, кылыч, чойун баш, / Кетелек менен сом темир – / Баарысын билет түгөнгүр, / Мылтык атып, жаа тартып, / Баарын билет Талана. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…аты тайып жүдөшүп, / Үйрөткөн пилин жиберди, / Көрсөтүп эрен Сыргакты, / Тебелеп аны кел, дешип, / Тумшугунун учунда, / Коргошун, коло аралаш, / Орнотуп койгон чойун баш, / Томураңдап пил келет, / Дүк-дүк желип далбаңдап, / Тумшугу анын булаңдап, / Пилди көрүп эр Сыргак: / “Адам эмес айбандан, / Качып берсем уйат” — деп, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайраттанды Карадөө, / Чоң чокморун колго алып, / Каарданды үңкүйүп, / Кабагың карашы ал салып, / Заарданып Карадөө, / Уйутуп койгон чойундан, / Жолум үйдөй чойун баш, / Опколжуп келип урганда, / Омкорулуп далай таш, / Карс-курс эткен үн чыгат, / Асманда учуп топурак, / Көктү тиреп зоңкойгон, / Тоо түгөнүп баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →