чогуу

китептерде 58 жолу, 10 китепте
  1. Бүт бойдон, жапырт.
  2. Бирге.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…о былчылдап, / Албарс менен кайсалап, / Абыдан кырып талкалап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон, / Чогуу турбай суйулуп, / Чаң созулта качканын, / Найзага илип ыргытып, / Топтуу караан көп элди, / Айдап кирди чубуртуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза алып, / Качырган ооган кара тоо, / Качпай Сыргак бет алып, / Кайнаган курттай чогуудан, / Кабылды келип кол салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Жетимиш миң көп аскер, / Селдей каптап дүр койду, / Алмабаш менен Гүлчоро, / Алдына утур бир койду, / Аламан келген көпчүлүк, / Ат бастырбай токтолду, / Чачыратма ал октон, / Үч жүзчөсү жок болду, / Чогуу баспай көп аскер, / Бөлөк-бөлөк топ болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кыйын болсоң, Канчоро, / Бөлүнүп чыккын жекеге, / Чогуудан чыккын чекеге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жүрүп отурушуп аз күндөн кийин Ормон менен Коргон кездешип чогуу жол улантышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →