чогулуш
- Жыйналыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Аскер ээси сегиз хан, / Аскери жок өзү бар, / Каракөз менен тогуз хан, / Чогулушуп калышты, / Кеңеш кебин салышты, / Чындап кылды убада, / Кетирбеске намысты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чогулушуп Конушту, / Бурчуктун ойу сеңирге, / Аскер батып жаталбайт, / Анча-мынча тар жерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чуркурап ыйлап жабыла, / Чогулушту сай-сайга, / Бут артарга малы жок, / Арзын айтып Таласка, / Кененимге барганга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Укмушташып угушуп, / Чогулушуп уйушуп, / Бөдөнөнүн тукуму, / Бөйөн деген баланы, / Туу көтөрүп хан койду, / Бөйөн хан деп ат конду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Толгоно басып келиндер, / Жөнөп кетет кыйшаңдап, / Илгеркиден калган нарк, / Бирине бири шыйпаңдаш, / Кай бири болот чоң сырдаш, / Кай бирөө калат талаалап, / Чогулушуп болгондо, / Эр Гүлүстөн кеп салат: / — Атамдан артык абам бар, / Ак сүтүн берген энем бар, / Эмчектеш болгон агам бар, / Өзүмдөй болгон иним бар, / Айчүрөк сын…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →