чогоол

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Эр көкүрөк орой мүнөздүү, ачуусу чукул, эрдемсинген, кыялы чатак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Жакалашып жулушуп, / Жан алчудай болушуп, / Чокморлорун алышып, / Колтуктарын чойушуп, / Чокудан ары койушуп, / Балталары чакылдап, / Найзалары такылдап, / Чогоол сүйлөп күпүлдөп, / Көрсөтөм деп дүпүлдөп, / Эми кандай болом деп, / Жүрөктөрү дүкүлдөп, / Найзалары сүлкүлдөп, / Көчүктөрү бүлкүлдөп, / Жалгыз жанды айабай, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…/ Сай кашкалар урушту, / Балдарды көрүп кээ бирөө, / Тарамышы тырышты; / Чукул кирип келгенде, / Аламан койуп тиет, деп, / Кылычтарын суурушту; / Кужуру кайнап чогоолдор, / Куйкалары курушту, / Ойлоп турат эчени, / Короздой мойнун жулушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жөрөгөлөк деген бар эле, / Чогоол өскөн жан эле, / Жаңкы айткан кишиге, / Мына мындай деди эле: / — Алакан жайып кол ачсаң, / Катып калган Манасың, / Кара жердин түбүнө, / Батып калган Манасың, / Каптап токоч береби?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чогулган элдер кеп айтты: / «Чогоол өскөн айбанды, / Сабагыла — деп айтты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Абыке турду муну айтып, / Чогулган элге кеп айтып: / — Чогоол болбо, — деп айтып, / Мен авазир билип ал, / Байтерек бийиң көрүп ал, / Жакшы экен деп сонуркап, / Жалгыз кыл олжо албастан, / Алдырбайт окшойт бизге, деп, / Үмүтсүз болуп калбастан, / Нарларга жүктөп арта сал, / Бузбай-чачпай барысын, / Төтөгөгө алып бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →