чиркөө1

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Христиан дининдегилердин кудайга сыйынуучу жайы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Батыра албай чиркөөгө, / Калдыратып ээрлерин, / Тобу менен айдады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Батыш жагында бир чиркөө турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Түш оой берген мезгилде мындай чыгып чиркөөнүн арт жагында бир арыктын жээгине келип, тапкан наныбызды сууга чылап жей баштадык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир кезде шаар жактан муңдуу кылып чиркөө кагылып, анын караңгы түндү кайгылуу кылып калтыраткан дабышы менин кыялымды терметип алда кайда узатып кетти... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эки күндөн бери чиркөөө да кагылган жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →