чиркин

китептерде 16 жолу, 7 китепте
  1. Байкуш, кургур, курган.
  2. Күчөтүү маанисинде өкүнгөндө, кайгырганда, кубанганда ж.б. учурларда колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жайын казды чиркиндин, / Күмбөзүнө баатырдын, / Колунан келген зыйнатын, / Айабай кылып жашырды, / Эл өкүрүп келгенде, / Жүрөгү күйүп, ичи ысып, / Чигитейдин дартынан, / Өлүп кетип … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Токтунун этин ашадым, / Токсонго чыга жашадым, / Серкенин этин ашадым, / А, балам, сексенден аша жашадым, / Темир сандык ичине, / Салып койуп бакса да, / Ажал чиркин кес келсе, / Тоңкойуп өлүп жатамын, / Акыры салат чеңгелин, / А, балам, ажалдан кантип качамын? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ажал өлүм чиркинден, / Кылжыке сулуу өңдөнгөн, / Ким көргөн өткүр кыйынды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күмөнкор болбо сен, Кыйаз, / Элүүдөн аштың такымдап, / Эңкейип белден барасың, / Карылыкка жакындап, / Ажал чиркин ар кимди, / Кууп жүрөт закымдап, / Адам уулу эрсинет, / Тимчилекте такылдап, / Жан сактоонун, камы үчүн, / Эртеден кечке лакылдап, / Ажал алса жакадан, / Койгу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Чиркин өмүр... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →