чиркей
- Кан соруучу чымын-чиркейдин бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жүйрүндү сойуп тилин жеп, / Жолу каткан Кененим, / Башы адам болгондон, / Айагы чиркей, чымынга, / Мунун тилин бүт билет, / Өнгөн чынар жыгачтан, / Жерге жайнап чыккан чөп, / Мунун тилин бүт билет, / Адам өткүс Ала тоо, / Айагы кум, түбү коо, / Анын тилин бүт билет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Уңгусу болот, учу курч, / Учуна салам кара курч, / Чиркейдин тумшугунан курасам, / Чочконун сийдигине сугарам, / Сабындагы жыгачын, / Он эки түрдүү кырдатам, / Үн чыгартып ырдатам, / Отуз эки түр менен, / Ойуу-чийүү сырдатам, / Тийген жерин ырбатам, / Мындай найза болбойт, деп, / Жамакчыга ырдатам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чиркей чагып сүт чыкпайт, / Салып койгун желин кап, / Аркар-кулжа жок экен, / Жейрен –бөкөн көп экен, / Бул экөөнүн душманы, / Топ-топ болгон чөө экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чымын, чиркей тулаңда, / Көрүнбөй көзгө кымылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
"Чиркей учуп кетти го" деп ойлоп турганда, ал аюунун кулагынын түбүнө эптеп коно калып, "тыз" эттире чагып алат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →