чири

китептерде 43 жолу, 8 китепте
  1. Ным болгондуктан көгөрүп бузулуп кетүү; борсуп бузулуп кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ык, / Кылычты шилтеп ийгенде, / Такыр баш болгон Айчүрөк, / Четке чыга бергенде, / Калдык чапкан ар кескен, / Бекбача түшкөн көп тордун, / Түйүнүнө тийгенде, / Чириген бөздөй баарысын, / Таарып өтүп кетти эле, / Бекбачада тору жок, / Майтору менен калды бош. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жамгырда эгин айдаса, / Жел согуп үшүк албаса, / Бышпай чийки калбаса, / Өлчөм деген болбосо, / Таар-таарлап дан алса, / Суудан кемип калбаса, / Чирип жатат жыгачтар, / Отун издеп бир жерге, / Убара болуп барбаса, / Талыгабы кыргыздар, / Ушундай жерге карчашса? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жойкумасын эр Сыргак, / Кармай алып сабынан, / Сууруп алып кабынан, / Бир булгалап ийгенде, / Чириген танап эмече, / Быдырап баары сөгүлдү, / Торлору бир жүз сексенче. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мээнин кабы жарылган, / Жүрбөй каны уйуган, / Сүйлөбөй тили буулган, / Айабастан иштетип, / Канча түрдүү дарыдан, / Арылган араң ириңден, / Ириң жеп тамыр чириген, / Ушундай түрдүү себептен, / Тили кечир булдурап, / Так келе албай чулдурап, / Кулагын турган чер басып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Көп мезгилден кийин аркан чирип үзүлөт, бугу болсо качып кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →