чирен
- Керилүү, созулуу, колду-бутту керүү, чоюу.
- өт. Бой көтөрүү, кыйынсып керкейүү, кекирейүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ор, / Жардамы болсо берер, — деп, / Айабаса ат -тонун, / Абам Гүлүс келер, — деп, / Арканды алган Кесилет, / Чырмап байлап бекемдеп, / Үзөңгү боого салганда, / Чиренип тартып калганда, / Аты менен Кененим, / Сүйрөтүп алып кете албай, / Дүбүрөшүп жатканда, / Жер силкинип козголуп, / Топурак учуп тоз болду, / Кененим деген үн ч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ачуусу келип Ажыңдын, / Толгомо саптуу камчыны / Толгой колго кармады, / Атынын башын имерип, / Күчүн жыйнап чиренип, / Оро-пара маңдайдан, / Эшектей болгон көк дөбөт, / Тумшукка тартып жиберип, / Камчыны тартып алганча, / Тумшугу менен жер сайып, / Өлүп кетти көк дөбөт, / Ти…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колундагы найзаны, / Артына түртүп чиренип, / Тапактын колу аркага, / Кайрылып барган кездерде, / Катуу булкуп тартканы, / Кыргыздын кыраан арстаны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…, / Үзөңгү боодон өткөрүп, / Ээр кашына орошуп, / Аттары тартпай шалактап, / Үстүндөгү ээлери, / Тилдери карыш салаңдап, / Чаңкаганда акактап, / Кайышып тартып чиренип, / Буудандарга камчыны, / Карасанга жиберип, / Капталга салып жарышып, / Өргө салып өкүрүп, / Эңишке салып көгөрүп, / Бирин-бири ала албай, / Ат үстүнөн көмөрү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Калдуубет жанын калкалап, / Коркутам деп буларды, / Кур чиренип чалкалап, / Утур келген калмакты, / Душмандан бетер талкалап, / Кадемин элдин катырып, / Канын жерге агызып, / Оолугуп күчөп бакырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →