чире

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. Менменсине ишенүү, бекем ишеничте болуу, таянуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ат байгесин алышып, / Жандай чаап канчасы, / Соогат сурап жанашып, / Ырчылар ырдап жабырап, / Ат менен ээсин жамактап, / Ар экөөнү тең мактап, / Чирене тээп кайкайып, / Кирип келет жалтактап, / Ырчынын антип жүргөнү, / Азын оолак мал тапмак, / Ат ээсинин көөдөнү, / Чыга түшөт чалкактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Байлатып ийген ким болсо, / Чирене түшүп тартканда, / Мойун тери сойулуп, / Үзүлүп кайыш кеткенде, / Кызыл кан агып чубуруп, / Ылайланып топурак, / Канга калат жуурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…тык, — деп, / Куу түлкү кармап алалы, / Куу Коңурбай тажаалга, / Туйундурбай баралы, / Түртүшүп калба салалы” / Деп ошентип баатырлар, / Ат үстүндө чалкалай, / Чирене тээп үзөнгү, / Кебирлери кайкалай, / Кобураба, шүк дешип, / Куу түлкүнү издешип, / Түрсүлдөтө бастырбай, / Түлкүгө шыбыш алдырбай, / Алчактатып тулпарды, / Арт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чирене түшүп жок болду, / Оозунан түтүн бүр этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Баатыр тууган Жаманак, / Балтыры жоон эр жигит, / Көк найзасын өңөрдү, / Күчүнө чиреп көгөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →