чимирик
- Чимирип ойноочу оюнчук.
- Чимирилген абал.
- Өтө тез, шамдагай, элпек кыймыл-аракет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эртең менен болгондо, / Эл жайыкка толгондо, / Казыначы куу жигит, / Чимирик болгон кол ийик, / Кашына Каныш ээрчитип, / Кайырма жака киш ичик, / Желбегей Каныш жамынып, / Эки жеңи салынып, / Казына оозу ачылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →