чилтен

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. миф. Адамдын көзүнө көрүнбөгөн, кандайдыр бир укмуштуудай касиетке ээ болгон жандар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ш алсаң Лама колуңда, / Шаар алсаң турат жолунда, / Мал алсаң жайыт бооруңда, / Токтоно албай Конушбай, / Анда айтат момундай: / — Жолуң ачык жолборсум, / Кырк чилтен болсун жолдошуң, / Айкөл төрө Манастын, / Арбагы сени колдосун, / Кыйа карап кыңшыган, / Эгерим эки болбосун, / Кимисине чыдарын, / Таңгыт өзү ойлосун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эмгичекти түрү бар, / Кырк чилтендин бириндей, / Кыргызга кызмат кылат дейт, / Кыраан Бакай билинбей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дүйнөдөн өлүп өтпөгөн, / Кайып болуп көрүнбөй, / Кырк чилтенге ал өткөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Коргошундай көйкөлүп / Колдон чыкты Айчүрөк, / Ичиндеги бар кебин, / Козгоп чыкты Айчүрөк: / — Эрке катын Чачыкей, / Эр Семетей баатырды, / Көргөнүң бүгүн түн болор / Кабыл болсо тилегим, / Сага көрсөткөн киши ким болор, / Кайберен чилтен кеп айткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кайыберен, кырк чилтен, / Алып кетти окшонот, / Ичкен тузга кас кылдың, / Как ушул мендей болорсуң, / Өлбөй жаным болгондо, / Акыры бир күн оңдормун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →