чилмий

китептерде 3 жолу
  1. Өтө арык, ичке, катыңкы көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— Мага мынча берди,— деп чилмийген алаканын сайып, оң нолу менен аны туура кертип көрсөттү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Адамдын боору ооругудай чилмийген колун калтыратып, жаман мата көйнөгүнүн этеги менен эңкейип, жашын сүртүп жатып: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Көзү капкара, мурду кырдач, эти жок чилмийген арык кара бала. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →