чил

китептерде 30 жолу, 8 китепте
  1. Кекиликтен кичирээк, боз түстөгү канаттуу, илбээсин.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Амалкөй бирөө келбесин, / Кетиптир деп Бейбача, / Жазабызды бербесин, / Жаныбарды калтырбай, / Кекилик, чилдей тербесин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Манасты көрүп Коңурбай, / Тиштегенден тура албай, / Көмөкөйдө күркүрөп, / Чилдедеги буурадай, / Каары кайнап көзүнөн, / Заары чыгып жүзүнөн, / Бузулган самын кептенип, / Ээрдин кесе тиштенип, / Жойкумасын жойлотуп, / Алгаратын ойнотуп, / Келе … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Элүү балбан биз турсак, / Кыргоол, чилден олжо деп, / Бирди булар алат деп, / Куш жайылып келем деп, / Жалгыз кетип калганың, / Кандай болду бул жара, / Толук бизге айт, ханым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эпкини кыштын чилдедей, / Ысыгы жайдын күнүндөй, / Айбаты жолборс сүрүндөй, / Бет маңдайдан караса, / Алп кара куш түрүндөй, / Семетейди көргөндө, / Гүлүстү таштап жиберип, / Күркүрөгөн Кутургур, / Жолборс Семей абаңдын, / Өзүнө тийди имерип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Калганы ой, тоого чилдей тарап кетиптир. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →