чийкил

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. Адамдын өңүн билдирүүдө ошол өңгө кошумча түс берүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…үлөр көрсө мейли эле, / Эси жок көрсө уйат” – деп, / Эшикке чыкпай шыкаалап, / Келген эрди караса, / Кызыл күрөң ат минген, / Кыл куйругун шарт түйгөн, / Кызыл чийкил жаш бала, / Кылчайбай өттү айылга, / Кашаттагы Карахан, / Алдына барып калганын, / Нөөкөрлөрүн ээрчитип, / Көтөргөн үйгө барганын, / Каныкей көрүп бардыгын, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…этип, / Айдай бети жарк этип, / Айдын көлдөй мелтиреп, / Ажыдаардын сүрү бар, / Алгыр шердин түрү бар, / Ачуусу келип акырса, / Алтымыш эрдин түрү бар, / Кызыл чийкил нур беттүү, / Бендеден башка келбеттүү, / Күүгүм туман көздөнүп, / Майлаган буудай жүздөнүп, / Найзасы колдо койкойуп, / Ала тоодой зоңкойуп, / Балтасы жанда ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыргоол жүндүү, кыз үндүү, / Кызыл чырай нур жүздүү, / Кызыл чийкил жаш бала, / Кирип келди мынаке. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кыйа салып караса, / Кызыл чийкил нурлуу жүз, / Туура карап Ажыбай, / Көрө албады нурун түз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →