чийки
- Бышырылбаган, кайнатылбаган, куурулбаган, бышырылып толук даяр болбогон (азык-түлүк, тамак-аш жөнүңдө).
- Быша элек, али бышып жетиле элек (мөмө, жемиш, эгинге карата).
- өт. Абдан бүтпөгөн, чала.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Кылы тайкы кулун жал, / Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, / Мингени сулуу жылкыдан, / Тышкы жүнү кызылдан, / Туулгасын кырдаган, / Найзасын оңдоп ыргаган, / Кызыл чийки өңү бар, / Капыстан чыккан качырып, / Ак жолборстой түрү бар, / Канатын ийип асмандан, / Качырган бүркүт сүрү бар, / Чылбыр бойу алдында, / Көрүнүп турган бирө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Берейин деп бер десе, / “Бышырбаган балыкты, / Бала чийки жебесе, / Эм болбой калар бекен” – деп, / Мадыбек кылат эндеше.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жамгырда эгин айдаса, / Жел согуп үшүк албаса, / Бышпай чийки калбаса, / Өлчөм деген болбосо, / Таар-таарлап дан алса, / Суудан кемип калбаса, / Чирип жатат жыгачтар, / Отун издеп бир жерге, / Убара болуп барбаса, / Талыгабы кыргыздар, / Ушундай жерге карчашса?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алдында минген алтын так, / Башындагы сыймык бак, / Баарын берсе албаймын, / Желмогузду алпарбай, / Жериме кайра барбаймын, / Эс алганда кара жүз, / Элдин этин чийки жейт, / Убалына калбаймын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Калтырбастан эт чийки, / Эки демеп бышырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →