чийин
- Чийилген сызык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— деди эле, / Аңдап муну эр Жайнак, / Колуна алып томпойду, / Чийинди басып тоңкойду, / Намыстанды жан чыкты, / Аткан жерден кан чыкты, / Эл көрбөй ханды калыптыр, / Эптеп Бозуул алыптыр, / Ылдамдай басып билдирбей, / Жыдыманга с…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тегерек чийип бир жерди, / Шиберге жайды килемди, / Ал чийиндин ичинде, / Олтурганы алты жан - / Эки дуңчу, эки хан, / Эки баатыр кайтарган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жарактан айла табалбай, / Күрөштө жыгып алалбай, / Кыйналып кеттик жан калбай, / Чийин чийин белгилеп, / Жип тартышсак ал кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чийин жибек чырмаган, / Энең сенин Каныкей, / Үйдү мындай кармаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Суур казган ийин жок, / Буурусун чийген чийин жок, / Кыйан жеген кемер жок, / Жер казыгы теги жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →