чийдей

китептерде 16 жолу, 6 китепте
  1. Ичке катыңкы, арык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…руп, / Манастап ураан чакырып, / Асыл шердин жанында, / Эки жолборс күркүрөп, / Шамал чыгып артынан, / Жер айрылып дүркүрөп, / Алдында сойлоп ажыдаар, / Түргөн чийдей карааны, / Бармактай кызыл меңи бар, / Кызыл бала дубана, / Суулугунан алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, / Көтөргөн үйгө күткөндө, / Мадыбектин кептери, / Сөөгүнөн жаман өткөндө, / Ийилип бели бүжүрөп, / Сийдиги агып бүрүлдөп, / Бүткөн бойу токтобой, / От кеткен чийдей дүрүлдөп, / Айласын таппай сандалып, / Өзүнчө сүйлөп күбүрөп, / Жашыралбай Медеркан, / Баарын айтып жиберет: / — Агасыз бизге, Мадыбек, / Жашырган менен жабылб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…сынан караса, / Ак жолборстой сын берип, / Маңдайынан караса, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Төбөсүнөн караса, / Алпкаракуш өңдөнүп, / Сонун иши дагы бар, / Түргөн чийдей артынан, / Сойлоп барат ажыдаар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айткан кепке кирбейсиң, / Малдын жайын билбейсиң, / Буту чийдей начар, деп, / Көңүлүңө илбейсиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шаддаттан бери бар күмбөз, / Түргөн чийдей жыланга, / Жол тостуруп койгон кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →