чий1

китептерде 44 жолу, 8 китепте чий 2 →чий 3 →
  1. Топ-топ болуп бийик өскөн, сабактары ичке, катуу өсүмдүк.
  2. Боз үйдүн керегесинин сыртынан калап коюуга же бир нерсени тосууга ж.б. колдонулуучу ушул өсүмдүктүн катуу сабактарынан жип чырмалып жасалган буюм, калканч.
  3. диал. Тамеки парниктерин жабуу үчүн согулган камыш бойро.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каракөз кастык кылбаса, / Акимсинген кыргызга, / Чийбейт белек сызыкты, / Кылбайт белек кызыкты, / Жашырбай чынын айтканда, / Кабар айтып уруштан, / Каракөз салды бузукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Билейин абдан муну” — деп, / Өзү молдо Медеркан, / “Чигитей” деп кагазга, / Жети жерге чийди эле, / Эзип туруп суу менен, / Тамызып аны оозуна, / Ичирип аны ийди эле, / Алкымдан өтүп болгунча, / Өңүнө кызыл кирди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Жердин бети жарылып, / Казан каптай нечен таш, / Аңтарылып торойуп, / Башбагып жерден коройуп, / Тизе бойу көрүнүп, / Нечени чыкты соройуп, / Түбү менен өнгөн чий, / Карарып калды торойуп, / Кээ бир таштар көмүлүп, / Жерге кирди жоголуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот, ирегеде чийдин бир жыртыгынан эрегишкендей борошо кирип, айдап алган карды коломтого чейин буркуратып таштап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
"Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт", – деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →