чиедей

китептерде 3 жолу
  1. Чие өңдөнгөн.
  2. өт. Кызыл чиедей. Кичинекей жаш, майда балдарга карата айтылат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Ак кар, көк музда чиедей жаш балдар менен эми кандай көргө алып барып тыгаар экенсиң! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Анын үстүнө «черүүлөр чыгып, качкындарды кайра айдайт экен» деген каңшаарлар угула коюп, «кыштын кыраан чилдесинде кызыл чиедей, жылаңач балдар менен эмне күнгө түшөөр экенбиз» деп чочуп турганбыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бейшемби ары айтып, бери айтып келип, тырбыйган эки жылкыдан башка мал жоктугун, алар улукту көтөрүп жеткире албай тургандыгын, өзүбүз ач талааны кезип, кызыл чиедей жаш балдар менен кылчылдаган ашууда жөө чубап, тамаксыз, күчсүз кырыла жаздап, кур жаныбыз келе жаткандыгын айтты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →