чидер3
- Бут менен бирөөнү чалуу.
- диал. Толгоо келгенде кызганып, көзгө далдаа жерге качуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шер Сейитек көнгөнү, / Айрылып экөө жөнөдү, / Кошуна барбай Кутургур, / Сары артуунун белеске, / Аса байлап Тоосурду, / Колуна салып кишенди, / Бутуна салып чидерди, / Шыпырып алып токумун, / Тердигин салып жамбашка, / Каңгыны койуп какбашка: / — Тамагымды тайарла, / Өзүм турам, ойготпо, / Тоосур атты откозбо, / Өзүм койом…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чидер салып бутуна, / Чылбырын байлап казыкка, / Азыр болуп жаткының!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ал калың: биринчи, кийиктин он улагын, жыйырма түлкү, отуз карышкыр, кыр карстан, элүү ат, алтымыш чидер, жетимиш аркан, сексен каны жок кургаган жүрөк берсин деңиз.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Алтымыш чидер дегеним, алтымыштагы адамдын бутуна чидер түшүп, өзүнчө басып кете албайт дегеним.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →