чеңгел

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Алаканга толтура жана салааларга кыпчый кармоо үчүн манжалары арбайта ачылган кол жана ошондой ачылган колго туура келерлик өлчөм.
  2. Алгыр куштардын мыкчый кармоо үчүн арбайып жазылган буттары.
  3. Казанда бышып жаткан этти оодаруу үчүн ылайыкталып жасалган уч жагында үч ача илмек темири бар таякча.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кел, кет деген кеби жок, / Кеп менен деги кээри жок, / Чеңгелинде таш кенен, / Уруп ирди таш менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Токтунун этин ашадым, / Токсонго чыга жашадым, / Серкенин этин ашадым, / А, балам, сексенден аша жашадым, / Темир сандык ичине, / Салып койуп бакса да, / Ажал чиркин кес келсе, / Тоңкойуп өлүп жатамын, / Акыры салат чеңгелин, / А, балам, ажалдан кантип качамын? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бүгүлүп белиң бөкчөйүп, / Бир чеңгел болуп чөкчөйүп, / Кайратың качып бөксөрүп, / Калдыңбы, ата, кайыр-кош! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…берип жатат айанбай, / Чакырткан экен атайын, / Мен калдым го баралбай, / Жаман атты болдум бейм, / Балдарын жентенк кылалбай, / Бит сыгып канын жалаган, / Таш чеңгелдин бири экен, / Айчүрөктү койчу деп, / Кантип Кыйаз айасын, / Үйдү катын билет деп, / Айтып жүрөт катындар, / Артыман менин арбын кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Арбайтып чеңгел салганы, / Кемеринен кармады, / Кармаган менен Сомбилек, / Оодара тарта албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →