чечке
- Илгерки токуучулардын жип тарай турган тарагы.
- өт. Мыкты, жандуу, шайдоот.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…орун, / Ордуна койбой чыгарып, / Бүчүлүгүн соотторун, / Бүтүн баарын чыгарып, / Ачык түшө эндекей, / Эчтемеден камы жок, / Элөөрүп келет Чакмакташ, / Үпчүлүгүн чечкени, / Мендер басып Чакмакташ, / Өлүм жакын жеткени, / Топчулугун чечкени, / Кууган жоосу Калдыктан, / Ажалынын жеткени, / Мелтирете шыкаалап, / Мелжеп жаткан хан …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…анус хан менен биригип, / Акең Манас бир келип, / Панус ханды сойгондо, / Мадыкөлдү жеңгенде, / Кашкардагы Калдайдын, / Кармап башын кескенде, / Кандабай тонун чечкенде, / Чыгышы Баркөл, Алтайдан, Түштүгү Котен, Кашкардан, / Алты шаар, Анжыдан, / Наманген, Ташкен, Самаркан, / Бадахшан, Балык, Букарлык, / Чамбылдан бери карата,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Атты Манас чечкенде, / Жетелеп жөнөр кездерде, / Сур жебе огун кездеди, / Чындап Алмаң тиктеди: / “Унчукпай келип ат чечкен, / Кандай көзүр эр?”-деди, / Жааны чойуп баратса, / Бир кол келип кайыптан, / Колунан кармай кетти эми!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чечекейи чечкейип, / Жүрөктөрү жарылып, / Түнөргөн күнү ачылып, / Муңу журттун жазылып, / Аксакалы жаркылдап, / Алдына Бакай бастырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
төөлүү чайын алганда, / Сары колду чапканда, / Санжыргалуу калчанын, / Сан топосун жыйганда, / Кашкардагы калдайдын, / Кармап башын кескенде, / Кандабай тонун чечкенде, / Кароолун чаап кайтканда, / Ополдун тоосун айланып, / Үргөнүч көздөй басканда, / Кийик атып аңуулап, / Тоону басып кадуулап, / Чүрөктү тапты ушунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →