чечим

китептерде 2 жолу
  1. Кандайдыр бир маселе боюнча эмнелерди иштөө керек экендиги көрсөтүлгөн жыйынтык, токтом, корутунду ой.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Тагдырым ушунун колунда тургандай, ааламга аян болгон байбиченин алдында, анын чечимин күтүп, байлоого түшкөн кулдай уңкуюп, мен отурам. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жакшылардын бул өңдөнүп, бир чечимге келе албай эки жарылып калтылдакка түшүүсүнүн чоң себеби да болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →