чечен

китептерде 56 жолу, 9 китепте
  1. Сөзгө чебер, мыкты, көркөм сүйлөгөн адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кой кашка Сыргак жолборстун, / Кылгыл чалы баштаган, / Кырк чородой жолдоштун; / Ажыбайдай чеченди, / Олуйа Кошой, Музбурчак, / Алп Төштүктөй неченди; / Жакып хандай кеселди / Каныкейдей жесирди, / Семетейдей жетимди; / Баштан-айак калтырбай, / Жомокчу айтып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Манасчылар кеп айтат: / “Айкөлүм, Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Өткөзө Сыргак чабендес, / Өлүмдөн коркпос эрендер, / Кызыл тил элден бир башка, / Ырамандын Ырчы уулу, / Ажыбай сындуу чечендер, / Түшүмө кирет” – деп айтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Акылына токтолду, / Абдылда чечен октолду: / — Ак олпок болсо кийгениң, / Аккула болсо мингениң, / Жайбаракат бастырып, / Жалгыз жолго киргениң / Жалпы алаш калкыңды, / Жалгыз бийлеп жүргөнүң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чойтолоң деген бар эле, / Чоң чечени ал эле, / Айткан кеби бул эле: / — Ханым Тапан, кебим ук, / Пейлиңди салып бекем ук, / Желмогуз деп кыз эмес, / Ушуну менен эки уктук, / Конушбай айтты бир чакта, / Энге-зенге албадык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…Жылас болду нечендер, / Карапайым киши эмес, / Калк башкарган белдүүлөр, / Азуусун айга жаныган, / Мен элемин дегендер, / Сүйлөп жаагы талбаган, / Кызыл тилдүү чечендер, / Ойлобой элге жамандык, / Жатуучу эле биздин эр, / Калдуубет келип жөн койбой, / Унчукпай жатып тим болбой, / Калбай хандар жоголду, / Кызыл кан кечип бул же… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →