чечекей
- Каректин ичиндеги суулуу шарча.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алдында кызмат кылыптыр, / Кытайдын келип баласы, / Кара эмес хан экен, / Чечекейдин карасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Багыштын Толтой баласы, / Чечекейдин Карасы, / Чынкожо менен достошуп, / Талашып катын алам, деп, / Семетей жолборс көк жалдан, / Өлүп кеткен карачы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ачпагын, / Чокморлуу чапкын чокуга, / Мергендин баары чогулуп, / Чыгып тургун чет жакка, / Арамзада Кененим, / Жылыштап чыкса чет жакка, / Жыдыманды житирип, / Чечекейге аткыла!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ыйлап жүрүп Торсолдой, / Чечекейи акканы, / Бала да болсо Каргалдай, / Абам менен энемди, / Алы эле келсе бакканы, / Гүлүстөн мында келгенде, / Үйүндө үч күн жатканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сайма сайып койгондой, / Сай бойунда чечекей, / Азыркысын Кеңколго, / Чыккан экен ченебей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →