чеч3
- Байланган, түйүлгөн нерсени бошотуу, ажыратуу, чыгаруу.
- Кийилген кийимди үстүнөн кайра алуу, алып таштоо.
- Жообун табуу, жандырмагын баяндап айтуу.
- Чечимге келүү, жыйынтык чыгаруу, жыйынтыгын белгилеп көрсөтүү, жүзөгө ашыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ичегиси иймелип, / Каны-жини аралаш / Жерге түштү сүйрөлүп, / Боолук салып мойнуна, / Калдык кетти сүйрөтүп, / Чакмакташтын тыш тонун, / Чечип Калдык алганы, / Кошуп алып найзасын, / Калдык кетип калганы, / Бүгүн эртең келет деп, / Калдыктын жолун тосоттоп, / Бекбача үч күн карады, / Келбегенде Бекбач…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эркектер улак тартышып, / Урумдан келген кыргыздын, / Эбедени эзилип, / Эт жүрөгү жетилип, / Түйүндүү сыры чечилип, / Жандап келип келиндер, / Акбаланы көрсөтүп, / Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды жүгүрүп, / Көчүрүп келип Гүлнарды, / Коргонго…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Беккул шымын чечип колуна кармап алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Менин эки колумду алтымыш кулач аркан менен артыма байласа, күчүм ошондо, ошону чече албаймын, – дейт бала.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →