четте
- Четке бөлүнүү, обочолоо, оолактоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Он төрт ханы алаштын, / Өлбөй-житпей бары сак, / Бекбача жүрөт бир четте, / Көрүнгөндөн көрүнүп, / Кээде туман сөгүлүп, / Кээде жылдыз жылтылдап, / Кээде сымап кылтылдап, / Кээде жолборс күркүрөп, / Үнүн уккан кишинин, / Сийдиги ага…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ганы, / Алтайдан алып азыкты, / Тартырып элге жазыкты, / Каңкайдан алып аскерди, / Сайышты чындап салгалы: / «Өз акылым акыл, — деп, / Эптеп-септеп кыргызды, / Четтетейин карактан, / Сайдырып салсам окустан, / Саат чырмап кокустан, / Салбарды ашып калмактар, / Коктукат кетсе жол жакын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Апы, Напы баштаган, / Алтымыш барсың сыйкырчы, / Бөлүнүп четте калыңар, / Манас менен келгенге, / Мени билбес жинди элге, / Сыйкырды чындап салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айтып Тапак барбактап, / Жүгүрүп келип дардактап, / Далысында калганы, / Казанбактай калдактап, / Белин ийип бүгүлүп, / Башын ийип жүгүнүп, / Муну көрүп Тапан хан, / Карап турат бир четте, / Кара жандан түңүлүп, / Муну мындай таштайлы, / Тапан хан менен канчыктын, / Куткарбасты мааналап, / Кеткенинен баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…Катуу тийген куу найза, / Былк этээрге шайы жок, / Көзү көрбөй күүгүмдөп, / Гүлгүн тартып үлүңдөп, / Кирпик ирмеп караса, / Ойрот турат коройуп, / Одурайып бир четте, / Томолонуп түшөт, деп, / Аттан ооп бир кезде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →