четки
- Чет жактагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түк аларга туйгузбай, / Берки четки ханынын, / Атын сурап алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аралда эмес ал күмбөз, / Биз жаккы четки кыргакта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Ал чуңкурдун четки бирине топурак толуп, бүтөйүн деп калыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошондо биздин тагдырыбызды эртеден бери бийиктен көрүп тургандай, калаанын четине жете бергенде, четки үйдөн бир таранчы жигит бир чака суу менен алдыбыздан чыкты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Үйү батыш жакта, бир четки көчөдө.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →