четин

китептерде 258 жолу, 10 китепте
  1. Топ-топ болгон саргыч кызыл бүрлөрү бар, түз өсүүчү катуу жыгач.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жапандан алат жасоолду, / Аралдан алат адамды, / Ар кайдан табат андайды, / Аралап кирип четиңден, / Айабай бүлүк салбайбы, / А, көрөкчө бурутту, / Койбой талап алалы, / Капка тигип жанайлы, / Коктукат алып баралы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Саламат менен Ачакан, / Жылдыз чыкпас күн тийбес, / Келбес жерге кетиптир, / Жеталбадык аларга, / Деп айтып бар ханыңа / Катына катты Кененим, / Жазып койду бетине, / Айчыгы алтын чоң мөөрүн, / Басып койду четине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…бул элдин, / Колунан жумуш келерин, / Айлаңар жетип, ал келсе, / Тез болуп калса силерге, / Чубак, Сыргак дегенин, / Жана Сарала атчан бирөө бар, / Элдин турат четинде, / Байкашымча караанын, / Арзан киши дебеймин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…баары кыбырап; / Мен каламбы дегенсип, / Жалбырактар дырылдап, / Тескейдеги карагай, / Бойун созуп карашып, / Тал менен кайың бой жасап, / Карагайга жанашып, / Четин менен табылгы, / Кыпкызыл болуп жарашып, / Саргарган чөптөр ыргалып, / Кеңкол ата, чоң Талас, / Кадимкидей түрдөнүп, / Береке кирди тоо-ташка, / Баштакыдай сүр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →